www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын 16-июндагы жыйынында премьер-министр кызматына Кубатбек Бороновдун талапкерлиги жана өкмөттүн жаңы курамы каралып, суроолорго жооп берилди.

Анда эл өкүлү Азамат Арапбаев билим берүү тармагына көңүл бурууну суранып, төмөнкүдөй пикирин айтты:

«Балдар онлайн-окутууга өтүшкөн. Каникулда алардын эс алуусу боюнча маселени караш керек. Ысык-Көлдө сезон ачылып жатат, жайкы лагерлер бар, аларга иштөөгө уруксат берилеби? Короосу бар үйлөрдө балдар ойношот, ал эми көп кабаттуу үйлөрдөгү балдарга кыйын болуп жатат», - деди Арапбаев.

Ошондой эле ал кийинки окуу жылындагы онлайн-окутуу боюнча так маалымат берүүнү суранды.

«Жаңы окуу жылы дагы онлайн форматта болот деп жатышат, силер ачык айтсаңар», - деди Арапбаев.

Кубатбек Боронов балдарга байланыштуу маселелер эпидемиологиялык кырдаалга жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин божомолуна ылайык чечилет деп жооп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости