www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын Дижон шаарында чечен улутундагы жарандар менен кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда кагылышуу болуп, анын натыйжасында 12ге жакын адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда,  эки жактын чырдашуусу 16 жаштагы кавказдык өспүрүмдүн сабалышынан улам чыккан. Жердешин таарынткан адам менен маселени чечүү үчүн 70ке чукул чечен улутундагы адамдар шаардын борбордук бөлүгүнө келишкен. Алар бейсболдук биталар, бычак, бурагыч, темир чыбыктар менен куралданган.

 Алгач алар "Le Black Pearl" деген кальян барына кол салып, андан ары териштирүүлөрүн көчөдө уланткан. Баш аламандыкты токтотуу үчүн 40 полиция кызматкери жана 100гө жакын аскер адамдары тартылган. Полиция кызматы аларга карата көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Бирок эч кимиси камакка алынган эмес. Кээ бир маалыматтар боюнча, сабалган 16 жаштагы баланын абалы оор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости