www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кувейттин кээ бир райондорундагы жергиликтүү тургундар көп кабаттуу үйлөрдүн балкондоруна чыгып алышып, "Аллаху Акбар" деген сөздөрдү айтып, Кудайдан кечирим сурап жатышат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Эль-Джахра районунда эмгектенип жүргөн мекендешибиз Нурзада Сулайманова NazarNews агенттигине кабарлады.
Анын билдирүүсүнө таянсак, ушул тапта коронавирустун жайылышына байланыштуу Кувейтке Өзгөчө абал жарыяланып, адамдардын сыртка чыгышына тыюу салынган.
"Муктаждыктары бар жергиликтүү тургундар гана саат 17:00 дон таңкы саат 4:00го чейинки убакыт ичинде гана сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк ала алышат. Эгерде бул мыйзамга каршы чыккандар болсо, анда алар 3 жылга чейин эркинен ажыратылат же 10миң динарга (30миң евро) чейин айып пул салынат. Аталган чектөөлөргө туристер же мигранттар каршы чыга турган болсо, аларды мекенине депорт кылуу да каралган", - деди Нурзада.
Акыркы маалыматтарга караганда Кувейтте вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 200дөн ашты. Алардын 20 пайызы айыгып, өлкөдө вирус илдетинен өлүм катталган жок.
2020-жылдын 23-мартына карата COVID-19ду жуктургандардын саны дүйнө жүзү боюнча 372миңдин тегерегинде болсо, каза болгондор 15 миң кишини түздү. Вирус дүйнөнүн 200 өлкөсүнө тарады.
Булак: NazarNews.kg