www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин Москва шаарынын Коммунарка айылындагы коронавирус менен ооругандарга дайындалган медициналык борборго барды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

“Путин Коммунаркадагы ооруканага келди”-деп президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирген.

Маалыматка ылайык, Владимир Путин медициналык борбордун башкы дарыгери менен сүйлөшүп, коронавирус менен ооругандарды дарылоодогү оорукананын даярдыгына баа берди. Медициналык борбордун кире беришинде Путинге сары түстөгү коргоочу атайын кийим жана респиратор беришкен.

Акыркы маалыматтар боюнча, Россияда жуктургандардын саны 495ге жетти. Ал эми, Москванын өзүндө 290 адам коронавируска чалдыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости