www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо алдыга чыккан Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында укук коргоо органдары тинтүү жүргүзүүдө.

Буга чейин соцтармакта добуш берүү күнү интернетте шайлоочуларды сатып алуу үчүн үй комитеттеринин бирине жымжырттык күнү акча бөлүштүрүлгөн видео пайда болгон. Видеодо Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабынын кызматкерлери экени айтылган.

Ал өзүнүн агитаторлорунун паракорчулукка катыштыгы жок экенин айтып, маалыматты чагымчылдык деп атаган.

Ал эми бүгүн телефондук сүйлөшүү жазылган аудио тарады. Анда Дамира Ниязалиева экени айтылган аял менен Роман аттуу жаран добуш сатып алуу маселесин талкуулап жатканын угууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости