www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жөө өтмөк маселесин качан чечесиңер? Мындай суроону депутат Искендер Матраимов бүгүн, 7-декабрда парламент жыйынында ИИМдин өкүлдөрүнө салды.

"Жөө өтмөктөр кечкисин айдоочуларга көрүнбөй калып жатат. Мэрия жана аймактардагы аткаруу бийликтери менен сүйлөшүп ар бир жөө өтмөктүн үстүнө жарыктарды орнотуу керек. Мен бул маселени төртүнчү жолу айтып жатам силерге. Анын кандай кыйынчылыгы бар? Аны ишке ашырбай, "алдыда жасайбыз", деп коюп жатасыздар", - деди депутат.

Буга ИИМдин башчысынын орун басары Нурбек Абдиев четинен орнотулуп жатканын билдирди.

Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Азамат Исраилов көчөлөргө түнкү жарыктандыруу коюлуп жатканын жана ал жөө өтмөккө да жарыгын берээрин кошумчалап кетти.

Депутат Матраимов жолдордогу түнкү жарыктандыруу башка, ал эми жөө өтмөк бар жерге коюлган жарык башка нерсе деген пикирин билдирди.

"Шылтоо айта бербей, айткан сунушту аткарсаңар!", - деди депутат. 

Азамат Исраилов бардыгы каражат маселесине барып такалып жатканын билдирди.

Исраиловдун бул жообуна депутат канааттанган жок.

"Бишкетин мэриясы менен сүйлөшүп, жол кырсыгынын санын азайтуу максатында маселени чечип койсо болот да. Шылтоонун артынан шылтоо айтып жатасыңар", - деп жиндеди депутат.

ИИМдин башчысынын орун басары Нурбек Абдиев бул боюнча жакынкы арада мэрияга кат жөнөтүп, көчүрмөсүн депутат Матраимовго берип жиберүүнү убадалады.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости