www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында АКШнын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги (USAID) "Медиа көз карандысыздыгын колдоо демилгеси (Медиа-К)" аттуу беш жылдык долбоорун жыйынтыктады. "Белый парус" маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, америкалыктар бул долбоордун алкагында Кыргызстандагы 12 жалпыга маалымдоо каражаты (ЖМК) менен бейөкмөт уюмдарды (НТС, "ТВ1kg", "Клооп.Медиа", "Кактус.Медиа", "ПолитКлиника", "Салам радио", "24.kg", "Марал ТВ", "Элгезит", "ЛюбимийТВ" жана "Медиаполиси институту" бейөкмөт уюмун) жалпы суммасы 10 миллион 650 миң АКШ долларына каржылаган.

Каржылоо муну менен эле чектелип калбайт. Көпчүлүк батышчыл ЖМКлар (грант алуучулардын чөйрөсү дээрлик жогорудагылар) NED – Демократияны колдоонун улуттук фондунун гранттарында бекем отуруп алышкан.

Бул Демократияны колдоонун улуттук фонду өз мезгилинде кадимки Советтер Союзуна каршы иштеген бүтүндөй бир бөлүп-жаруучу системанын негизги элементи болгондугун эске сала кетели. NEDдин түзүмүн ЦРУнун (АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы) директору Ж. Уильям Кейс жана АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешине караштуу пропаганда жана дезинформация боюнча адиси, ЦРУнун штаттан тышкаркы кызматкери Уолтер Рэймонд иштеп чыккан. Азыркы кезде дагы NED Вашингтонго баш ийбеген мамлекеттерди туруксуздаштыруу максатында иш алпарат.

Мындайча айтканда, NEDдин абалды козутуп, туруксуздаштырууга багытталган ишмердүүлүгү керектүү региондорго керектүү маалыматтарды акырын жылдырып коюп, нааразылык акцияларын уюштуруу аркылуу ишке ашат.

АКШ Конгресси 2023-жылга Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жана батышчыл ЖМКлар үчүн гранттардын олчойгон үлүшүн негизги донору катары АКШнын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигине (USAID) бөлдү.

"АКШнын жардамы көбөйүп бараткан орусиялык жалган маалыматтарга каршы турууга жана маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын жогорулатууга көмөкчү болмокчу. Тиешелүү программалар жарандык коомдор менен маалымат каражаттарын каржылап, колдоого алат.

Башкача айтканда, ЮСАИД провокациялык маанидеги макалалар менен видеороликтерди каржылоону улантат. Кыргызстандагы батышчыл маалымат каражаттарынын көпчүлүк материалдары өлкөдөгү орус жана кытай таасирин басууга багытталганында эч шек жок. Анткени эки мамлекет тең АКШнын бул аймактагы атаандаштары болуп саналат".

Алардын Кыргызстандагы ички саясий кырдаалды жана өлкө экономикасын туруксуздаштыруу ниетин боолголоп жаткандырсыз. Америка бийлиги сөз эркиндиги жана демократия тууралуу ураандарды бетке кармап алып, өздөрүнүн жүргүзүп жаткан саясатына макул болбогондордун баарынын оозун жапкысы келет.

NEDдин отчетуна ылайык, 2021-жылы NED Кыргызстанда төмөнкү медиа уюмдарды – "Экономист" (58,000 АКШ доллары), "Клооп медиа" (565,900 АКШ доллары), "Медиа-спейс" (48,800 АКШ доллары), "Медиаөнүктүрүү борбору" (94,000 АКШ доллары), "Медиаполиси иниституту" (48,000 АКШ доллары), "Жиномикс медиа" (110 000 АКШ доллары) каржылаган.

Үстүбүздөгү жылдын май айында АКШ Конгресси АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2023-жылдагы бюджетин бекитти. NED бул бюджеттин алкагында демократиялык кайра курумдар деп аталган реформаларга, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнө 300 млн АКШ долларын сарптоого ниеттенүүдө. Бюджетти бекитүү менен АКШ Конгресси NEDге Борбор Азия аймагын пайдалануу менен Россия, Кытай жана Иранга карата конструктивдүү эмес пландарды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берди.

Ошентип, АКШ бийлиги өз пландарын Кыргызстан аркылуу ишке ашырып, бул региондо өз позициясын мындан дагы бекемдөөнү көздөп жатат. Башкача айтканда, АКШ жакында ЖМКлар аркылуу "суук колун" Кыргызстанга салат. Биз буга кайдыгер карабашыбыз кажет, ар кандай деструктивдүү аракеттердин болуп кетүү мүмкүндүгүнө жол бербеш үчүн уга турган, түшүнө турган жердин баарына азыртадан коңгуроо кагышыбыз зарыл!

Мына ушундай чоң-чоң суммадагы акча бөлүнгөндөн кийин океандын ар жагындагы заказчиктердин 2023-жылы өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу боюнча чоң пландары даярдалып, күтүлүп жатканы турган иш. Ошондуктан, Кыргызстандын карапайым эли да өтө сак болуусу керек!..

Булак: Вечерний Бишкек

Последние новости