www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Захарова Евробиримдикке катуу эскертүү берди

Евробиримдиктин өлкөлөрү буга чейин Орусияга каршы көп сандаган санкцияларды киргизген. Бирок, киргизилген чектөөлөргө карабастан, орус тарап мындай шартта жашоого үйрөндү. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

Дипломат Евробиримдиктин Орусияга каршы кезектеги чектөөлөр пакетин иштеп чыгуусуна комментарий берип жатып, Москва бардык санкцияларга өз кызыкчылыгына жараша жооп берерин белгиледи.

«Сиздер жакшы билесиздер, кандай гана санкция болбосун, өлкөбүздүн кызыкчылыгына негизделген, ведомстволор аралык форматта иштелип чыккан, макулдашылган, текшерилген жана башкалар пропорционалдуу жооп кайтарылат», - деп билдирди дипломатиялык бөлүмдүн өкүлү Sputnik радиосуна.

Бир күн мурда Financial Times гезити Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын жаңы пакетинин долбоорунда төрт каналдын көрсөтүүсүнө тыюу салуу, ошондой эле эки миллиард евродон ашык суммадагы продукцияны экспорттоого көзөмөл камтылганын жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости