www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевден көр саткандарга тезинен чара көрүүнү талап кылды. Ал парламентте сүйлөп жатып, премьер-министр коомчулукта талкуу жараткан маселелерге убагында реакция кылбай жатканын сындады. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

-Негизи сиз өкмөт башчы катары коомчулук талкуулап аткан маселеге тезирээк, өз убагында реакция кылып турсаңыз жакшы болмок. Көр саткандар боюнча “Азаттык” абдан жакшы иликтөө кылып, коомчулук кызуу талкуулап жатат. Чубак ажы баштаган диний аалымдар да көр сатуу туура эмес экенин какшап жатат. Өкмөт башчы катары көр саткандарды тез арада ордуна коесуз деп ойлойм, - деди Акаев.

Жакында “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү Бишкектин түштүк-батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемаларды иликтеген. Иликтөөнүн жүрүшүндө кабырлар көзү тирүү адамдарга да алдын ала сатылып кеткени белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости