www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ШИИБ начальниги Сталбек Рахманов ээлеп отурган кызматына татыксыз экени баарына маалым. Эгерде министрлик өздүк курамдын ичинде жашыруун сурамжылоо жургүзүүнү уюштурса, 95 пайыздан ашык кызматкерлер Рахмановго каршылыгын билдиришмек. Себеби, ал тажрыйбасыз, айдатма, өз алдынча көз карашы жок, эптеп эле күн өткөнүнө кайыл болуп, мажирөөлүгү менен шымын жышып, кабинетте отурат. Сыртта болсо, коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү солгундап кетти.

Бул жагынан шаардыктар өтө нааразы. Натыйжада, өздүк курамдын ичинде кадырсыз мындай МЕНТти неге кармап отурушат? Кызыгы, Сталбек мурдагы режимдин тушунда Сапар Исаковдун кадры болуп, тар чөйрөдө «кочкорлукпуз» деген ураанды карманып келсе, азыр 180 градуска бурулуп, тескери ушатып калганын кантип жашырабыз? Ток этери, Бишкектин башкы милициясы иш жүзүндө мукурап, көпчүлүккө үлгү көрсөтө албай атканы өкүнүчтуү. Тилекке каршы, бул шөмтүрөктөн ийгиликти кемчонтойлор гана күтпөсө, башкалар эчак эле түңүлүшүптүр да-а…

Булак: “Азия ньюс”

Последние новости