www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-майда Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет түзүлдү. Ага Өкмөттүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Динара Кутманова жетекчилик кылат. Учурда өлкөдөгү мөңгүлөрдүн эриши, шаарларды кара түтүн капташы, суулардын соолушу табигый экологиянын жоголуп баратканынан кабар береби? Түзүлгөн комитет экология тармагында иш алып барууда кандай максаттарды көздөйт?  Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин директору Динара Кутманова бүгүн, 6-августта NazarNews маалымат агенттигине жооп берди. 

--"Экологиянын бузулушу – бүгүнкү күндүн орчундуу көйгөйлөрүнүн бири. Экологиялык кризис – Кыргызстандын эле эмес, дүйнө жүзүнүн көйгөйлүү маселеси. Экологиянын булганышынан 2015-жылы дүйнө жүзүндө 9 миллионго жакын адам каза болгон. Ал эми Кыргызстанда жыл сайын 14 пайыз адам экологиянын булгануусунан көз жумат.

Жаңы түзүлгөн Экология жана климат комитети экологияга көңүл буруу үчүн ири стратегиялык программа иштеп чыгат. 

Бул үчүн атайын стратегиялык программа түзүп, үстүнөн иштейбиз. Артыкчылык иретинде 5-6 максатты алдыга коёбуз. Түтүн, токой чарбаны реформалоо, климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эриши, "Кумтөр" маселеси, кен байлыктарды кандай жолдор менен пайдалануу, көлдөрдүн айланасын жана таштандыларды иретке келтирүү жана башка экологиялык бузуулардын үстүнөн иштейбиз. 

Ушул турушта кетсек, көлдөрүбүздөн айрылып калышыбыз ыктымал. Мамлекет тарабынан кошумча каражат бөлүнбөйт. Бюджетке эч кандай жүк болбойт. Мурда аткарып келген кызматтарыбызга жетишсиз функцияларды киргизип жатабыз", - дейт Кутманова. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости