www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келин үлпөт тойдон бир сааттан кийин каза болуп калган

Египетте 21 жаштагы кыз турмушка чыккандан бир сааттан кийин каза болгон деп жазат The Mirror.

Окуя Бени-Суеф провинциясында болгон. Исра Шаабан жаңы үйүнө келгенде өзүн жаман сезип баштаган. Ал туугандарына чарчап жана көкүрөгүнүн ооруп жатканын айткан. Ошол учурда үлпөт көйнөгүн алмаштыра элек жатып эс учун жоготкон.

Египеттик келин дароо ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер ага жүрөгү кармаган деген диагнозду коюшкан. Дарыгерлер кызды жандандырууга аракет кылгандарына карабай Шаабан ооруканада каза болгон.

Шаабандын күтүүсүз өлүмүнөн туугандары жана достору таң калып, кайгы жутуп жатышат. Ал тойдун эртеси эле жерге берилген. Келинди акыркы сапарга узатуу үчүн Бени-Суеф айылынын тургундарынын дээрлик баары келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости