www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дубай шаарында жашаган кыргызстандык Алишер Турдалиев Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган өзгөчө видео куттуктоону тарткан. Видеонун башкы каармандары - чет элдик туристтер жана Дубай шаарынын тургундары. Алар чогуу Кыргызстандын гимнин ырдашкан. Видеонун аягында мекендеш төрт тилде (орус, араб, англис жана кыргыз тилдеринде) кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Белгилей кетсек, кыргызстандык Алишер Турдалиев былтыр 31-августта да мекендештерин куттуктоо менен ушундай адаттан тыш видео тарткан. Ал Баткен облусунан кулуну. Учурда БАЭде иштейт.

Ошондой эле Алишер кыргыз элинин потенциалы бар экенин белгилеп кетти. Европада Алишердин калпагын көрүп, кайсы өлкөдөн экенине кызыккандар көп болуп, ал Кыргызстан жөнүндө көптөгөн маалыматтарды айтып, тааныштырып келет.

Ак калпакты дайыма кийип жүрүүсүнө, аны кытай, филиппин жана башка көптөгөн улуттар менен алмаштыра беришкени себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости