www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
"Документ менчикти коргоонун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылуу, туруктуу экономикалык өсүштү стимулдаштыруу, чарба субъектилердин экономикалык ишине мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгаруу, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу максатында кабыл алынды", — деп жазылат билдирүүдө.
Иш-чаралар планы өзүнө 16 милдетти аткарууну камтыйт. Алар:
инвестициялык объектилердин ишинин жана инвесторлордун мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;
салыктык башкаруунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү;
экономикалык кылмыштарды жана жоруктарды декриминалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорлорунун пакетин, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бөлүгүн аутсорсингге өткөрүп берүү методикасын иштеп чыгуу;
укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын жана алардын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун баалоонун жаңы механизмин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
лицензияларды жана уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча бирдиктүү электрондук портал түзүү, лицензияларды жана уруксат берүүнүн автоматташтырылган системасын камсыз кылуу.
Булак: NazarNews.kg