www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Бүгүнкү күндө эркектердин көпчүлүгү простатит менен оорушат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине элдик даарыгер Дүйшөн Чомоев.
--“Мен көп колдонгон чөптөрдүн бири бул - чалкан. Чалкан кандын курамын нормалдаштырып коюлтат. Ошондуктан бул ооруда чалкан көп колдонулат. Ошондой эле чатыраш дагы кандын системасын жакшыртат. Ал эми уулжан болсо өт, боор ички органдарды уйку бездердин иштөө системасын, ысыган канды нормалдаштырат. Канттуулукта тамакты көп талап кылат. Простатитти дарылоо учурунда жумуртканын суугун алам. Азыр простатиттин шылтоосу көп. Простатит бөйрөккө, табарсыктын безчелерине башкача айтканда жумурткаларына суук тийгенден пайда болот. Бүгүнкү күндө эркектердин көпчүлүгү простатит менен оорушат. Простатит дартында жумурткаларга суук тийип, бөйрөктүн функцияларын бузуп, уруктуулуктун деңгээлин төмөндөтүп, балалуу болбой калуу мүмкүнчүлүгүнө шарт түзгөн коркунучу бар. Ошондуктан простатитти этибар албай жүрө берүүнүн зыяны чоң. Мага кайрылган простатиттерге 60-70% жардам бере алам. Мен негизи простатитти эки жол менен дарылайм. Биринчиси, суугун алып, экинчи жолу уруктуулуктун потенциалын көтөрөм”, - дейт элдик даарыгер.
Булак: NazarNews.kg