www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убагында Июнь окуясынын чыгышына себепкер адамдар, өзбек сеператисттери өз жазаларын алганда бүгүн бул темага кайрылбайт белек ким билсин? Бул тууралуу саясатчы Ахматбек Келдибеков билдирди.

«Июнь окуясы. Кандуу калааба. Бул окуя боюнча мага көптөгөн жарандарыбыз кайрылышат. Кандуу окуяга баштан аяк катышкан адам катары бул окуяны эстөө мен үчүн оор. Кан коё бербейт дейт элибиз. Тарых барактары эч убакта эскирбейт дейт калкыбыз. Балким убагында бул окуянын чыгышына себепкер адамдар, өзбек сеператисттери өз жазаларын алганда бүгүн бул темага кайрылбайт белек ким билсин?

Бирок, мен бир чындыкты билем, эл түндүк-түштүк деп бөлүнбөйт! Анткени, ошол мезгилде Кыргызстаныбыздын бүтүндүгүн сактайм деп, өлкөбүздүн булуң-бурчунан Ош, Жалал-Абад дубанынан келген патриот инсандарыбыздын алтоосу каза болгон. Анан эң негизгиси канча деген бейкүнөө адамдарыбыздын өмүрүн алган кандуу калаабаны эл өзү токтоткон.

Июнь окуясында миңдеген адамдар каза болду. Дайынсыз кеткен жарандар канча. Балдарын жоготкон энелер азыркыга чейин сыздап жүрөт. Эмнеге бул жөнүндө эч ким ооз ачпайт? Эмне үчүн кыргыздын жеринде кытайлар жарандарыбызды уруп-тепкилеп жатса эч ким унчукпайт? Себеп дегенде, бүгүн биздин мамлекеттүүлүгүбүз, ар-намысыбыз өтө чоң коркунучта турат.

Ошол кезде Атамбаев өзү революция жасап, бийликти кайра алган. Ал биздин партиянын бир канчасын каматып, дагы бир топ адамдарыбызды куугунтуктаган.

Ошондой эле, кабыл алынып жаткан мыйзам Кыргызстанды жок кылууга негизделип жатат», - деп кошумчалаган Ахматбек Келдибеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости