www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мисирдин Айлана-чөйрө министрлиги Хургада районунда акуланын дагы бир курмандыгы тууралуу билдирүү таратты. Адистер керектүү маалыматтарды чогултуп жатканын РИА Новости жазат.
"Айлана-чөйрө министри Ясмин Фауд акуланын Сахл-Хашиш курортунун аймагында сууга түшүп жүргөн эки аялга кол салышынан кабардар болгондон кийин Кызыл деңиз коругунун адистеринен турган жумуш тобун түзүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Жума күнү ушул эле курорттун аймагынан акула австриялык туристке кол салып, бир колу менен бутунан ажыраган аял кайтыл болгону айтылган. Кызыл деңиз провинциясынын губернатору кырсык болгон жерде деңизге байланышкан иштердин баарын токтотууга буйрук берди.
Ак акулалардын жанданышы бир нече жылдан бери айтыла элек болчу. Акыркы ирет 2010-жылы Шарм-эш-Шейх курорттук шаарынын аймагынан эс алуучуларга акуланын кол салган беш учуру катталган. Анда Германиянын бир жараны каза таап, төрт россиялык, бир украиналык турист жаракат алган. Мындан улам курорттук пляждарды убактылуу жаап турууга туура келген.
Булак: NazarNews.kg