www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эквадордун Гуаякиль шаарында тургундар коронавирустан каза болгондорду көчөгө ыргытышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышууда.

Маалыматка ылайык, “Тез жардам” кызматы, полиция, криминал кызматкерлери , ооруган адамдарды карай турган мед кызматкерлери да жок.

Берилген видео-тасмаын аягында көрсөтүлгөндөй, “өлүк” үйүндө болгондуктан, жашооучусу эшикте болууга мажбур.

Ecuador esta perdiendo la batalla-Эквадор бул согушта жеңилип жатат.

Кээ бирлери өлүктөрдү көчөгө чыгарып алып, вирус тарап кетпеш үчүн аны өрттөп салышууда.

Көпчүлүк окурмандар бул мессенжерлер аркылуу тараган фейк маалымат деп сындашкан. Factcheck.kg сайты окурмандарды эки жээкке бөлгөн маалыматты изилдеп, жыйынтык чыгарышты. Ага ылайык, каза болгондорду көчөгө чыгарып койду деген маалымат ырасталды.

Анда ооруканадагы бейтаптардын көптүгүнөн дарыгерлер каза болгондордун өлүмүнүн себебин аныктоого жетишпей жатканы, тиешелүү кызматтын жансыз денелерди чыгарып кетүүгө үлгүрбөй жатканы айтылат. Шаарда дарыгерлердин, орундуктардын жетишсиздиги байкалып, 1 медайымга 16 бейтап туура келет.

Каза болгондордун жансыз денесин чыгарып кетүү үчүн криминалисттердин корутундусу керек болгондуктан, жансыз денелер көчөлөрдө калууда. Бүгүнкү күндө бул маселени чечүү үчүн атайын координациялык топ түзүлдү.Ал эми каза болгондорду, тагыраагы, жансыз дене салынган табытты өрттөп жатышат деген билдирүү калп экени ырасталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости