www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев жону жука, колунда жок калктын аялуу катмарына ун, май сыяктуу керектүү азыктар жардам катары берилет деп жаткан. Бул тууралуу Фабула.kg жазып чыкты. 

Анан эле социалдык тармакта өкмөттүн кызматкерлери жакыр үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүп кыдырып жүргөн видео тарады. 

Өкүнүчтүүсү жардам берип жүргөндөр жардамга муктаждардын үйүн кыдырышып, “сенин бир кап унуӊ бар экен, эжеӊ экөөӊ бөлүшүп алгыла”,-деп кайра бирөөнүн азыгын башкага бөлүштүрүп жатат. Жардам бергени курусун. Алар ансыз деле өздөрү бөлүшүп алышат. Ушинтип жардам бербей эле коюшса. Бардан дагы, “Кудайга шүгүр дегиле” деп кекетип коюшканын айтсаӊ, күйөсүӊ да..

Андан да бир кап унду 10 килограммдан беш кишиге бөлүп бергендерин реклама кылып видеого тартышып, эл көзүнө укмуш жардам кылып жаткандай болгон тайкы акылдарына баракелде дейсиӊ...

Ушинтип, келеке, шылдыӊ кылып видеого тартып чымчып берген жардамдарын реклама кылбай эле коюшса болмок деген өӊдүү коомчулукта катуу сын айтылууда...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости