www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин өкүлү жана ИИМдин полковниги Аскат Алиев Россиянын аэропортунда Кыргызстанга келе албай жаткан кыргыз жарандары менен жолугушуп, абал тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Айкөкүл Асылбекова аттуу Фейсбук колдонуучусу өзүнүн баракчасына жарыялады.

“Россия жергесиндеги мекендештер!

27-марттан тарта аба рейстердин баары токтотулат. Чек ара ачылган учурга чейин билет албай туруңуздар!

Зарыл жумуш болбосо, көчөгө чыкканды, чайханага чогула койгонду, туулган күн, түнкү клубдарды токтото туралы.

Бөтөн эл, бөтөн жерде аман-эсен жүрөлү.

Жарандарыбызга кам көрүп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан адамдарды угуп, бир аз тартип сактайлы. Алар биз үчүн күнү - түнү иштеп жүрүшөт. Бизден көмөк бир ай тынчыраак отуруп туралы”,-дейт колдонуучу.  

Булак: NazarNews.kg


 

 

Последние новости