www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-мартта КРнын вице-премьер-министри онлайн маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Анда өзгөчө абал режиминде кандай товарларды сатууга болоорун жана дүкөндө адамдардын аралыгы канча болушу керектиги тууралуу сөз кылып, төмөндөгүлөрдү билдирди:
"Өзгөчө абал тартиби учурунда төмөндөгүдөй ишмердүүлүктөрдү жүргүзсө болот (өндүрүү, ташуу, сатуу жана ишке ашыруу):
🚩Азык-түлүк продукциясы, табигый бойдон, ошондой эле кайра иштетилген, таӊгакталган ж.б. абалда;
🚩Дары-дармек каражаттары жана тийиштүү буюм-тайымдар – беткаптар, халаттар ж.б;
🚩Күйүүчү-майлоочу материалдар жана баллондор;
🚩Турак жай-коммуналдык чарба боюнча бардык кызматтардын түрлөрү;
🚩Жеке менчик кайтаруу уюмдары;
🚩Айрым бажы уюмдары;
🚩Коммуникация чөйрөлөрү – ТВ, радио, уюлдук тармак, интернет кызматтары, ошондой эле техникалык тейлөө;
🚩Бардык медициналык мекемелердин, коммерциялык банктардын ишмердүүлүгү;

Бирок микрокредиттик компаниялар жана акча алмаштыруу жайлары, камсыздандыруучу компаниялар жана ломбарддар иштебейт",-дейт Асрандиев.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости