www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-мартта Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Кэндис МакДейган менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу тышкы көйгөйлөрдүн шартында Кыргызстан менен АӨБдүн эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы АӨБ менен биргеликте кызматташуудагы оң тажрыйбаларды канааттануу менен белгилеп, Кыргыз Республикасынын экономикасын жана анын артыкчылыктуу секторлорун өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал коронавирус инфекциясынын жайылышына жана мындан улам ишкердик активдүүлүктүн жай болуп жатканына байланыштуу учурдагы кырдаал Кыргызстанга, анын ичинде Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөргө да, биргелешкен аракеттер менен гана чечиш керек болгон жаңы чакырыктарды таштаганын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков АӨБгө эки тараптуу кызматташууну жигердештирүү мүмкүнчүлүктөрүн жана коронавирус инфекциясын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча антикризистик чараларды натыйжалуу ишке ашыруу жана Кыргызстан үчүн экономикалык тобокелчиликтерди азайтуу үчүн каржылык жардам көрсөтүүнү сунуш кылды.

АӨБдүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кэндис МакДейган дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам кризистик кырдаалга кептелгендиктерин айтып келип, эпидемияга каршы күрөшүп жаткан өлкөлөрдүн экономикасын колдоо үчүн АӨБ каражаттарды мобилизация кыла тургандыгын ишендирди.

Кэндис МакДейган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн финансылык чукул жардам көрсөтүү тууралуу билдирме түшкөндүгүн жана АӨБ өлкөнүн экономикасы үчүн потенциалдуу коркунучтарга баа бере баштагандыгын билдирди.

Ошондой эле Кандис МакДейган АӨБ өзгөчө абал шарттарында саламаттыкты сактоо системасын колдоо үчүн кошумча каражаттарды тартуу максатында башка өнөктөштөр менен консультацияларды өткөрө тургандыгын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости