www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Эмилбек Каптагаевдин 2018-жылдын 24-ноябрында өткөн Коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн Курултайында жасалган баяндамасы.

--Алмазбек Атамбаевдин элдин кызыкчылыгы үчүн акыркы жасаган жакшы иши катары бийликти шайлоо аркылуу тынчтык жолу менен өткөрүп бергени айтылып келе жатат.

Бирок “бийликти шайлоонун жыйынтыгы менен өткөрүп берүүнүн...” артында кандай көмүскө максаттар болгон деген суроого жооп өзүнөн өзү анык болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков “24 kg” маалымат агенттигине бир жума мурда берген маегинде: “... биз узак убакыт бою партиялаш жана үзөңгүлөш болгонбуз. Бирок ал үчүнчү кишилер аркылуу мени жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин аракеттеримди башкарып тургусу келгени – адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да ага абийир алып келбейт. Мага анын бул аракеттери таптакыр түшүнүксүз болчу. Ал мени “досум”, “партиялашым” деп көп айтат, бирок чыныгы достор андай кылбайт” – деп агынан жарылды.

Ошентип Атамбаевдин түзгөн жеке-кландык бийлигинин түпкү максаттары айдан ачык көрүнүп калды. Көрсө ал өзүнө ишенимдүү, өйдө карап каяша айтпай турган кишини Президент кылып шайлатып алуу менен мамлекеттеги эң жогорку бийлик болгон Президент, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт номиналдуу гана функцияларды аткарып, анын айтканы менен болуп, а реалдуу бийлик Койташтын башындагы Хан-сарайга көчмөк экен, баардык маанилүү маселелер ошол жакта чечилип турмак экен, зарыл иши барлар, арыз-арманы барлар Аламүдүн суусун бойлоп ар кайсы бадалдын түбүндө отурмак экен таштын үстүндө “качан кабыл алат” деп.

Ошондуктан, урматтуу замандаштар, Атамбаев өз эрки менен бийликти өткөрүп берди деп көкөлөтүү, аны ыгы жок мактоо негизсиз.

Анын ою боюнча 2017-жылдагы шайлоо менен бийликтин узурпациясы аягына чыкмак, өзүнүн логикалык точкасына жетмек, демократия аралчасы деп айтылып жүргөн Кыргыз Республикасында бүгүн тээ илгерки Кокон Хандыгынын тартиптери, ошол замандын жол-жоболору кайра пайда болмок. Ошентип Атамбаевдин жеке-кландык бийлиги Кыргызстанда биратоло орномок.

Кудайдын кыргыз элине көзү түз экен, дагы бир жолу сактады.

Эмилбек Каптагаев, саясатчы

Булак: NazarNews.kg

Төмөнкү тасмада толугу менен

Последние новости