www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде убагында кимдир бирөөнө кызмат жетпей калып Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция деген орган ачылган. Функциясы эмне экенин деле билсейсиң. Өзүдөрү деле ыйгарым укуктарын аягына чейин түшүнө бербейт.

Бир туруп санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, бир туруп архитектура, курулуштун, бир туруп экологдордун ыйгарым укуктарын жыйнап алгандай. Бир сөз менен айтканда -  түшүнүксүз орган.

Алсак, Бишкекте курулуш компанияларын санап бүтө албайсың тимеле, жамгырдан кийинки козукарындай эле көбөйдү. Бул видеодогу,  айрым маалыматтар боюнча “Аю курулуш” компаниясы салып жаткан турак жай. Ушундагы эр жүрөк балдардын коопсуздугу мамэкотехинспекциясынын көзөмөлүндө болушу керек беле?

Эгерде куруучу балдар кырсыктай турган болсо ага ким жооптуу болот? Биринин дагы коопсуздук бел куру жок эле, жайлоого кой-эчкилерди айдап бараткандай иштеп атышат. Буга чейин курулушта кырсыктаган ондогон окуя катталган. Алардын айрымдары тилекке каршы өлүм дагы менен аяктаган учурлар бар? Кичине болсо дагы жоопкерчилик болушу керекпи?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости