www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде демократия деген терминди өз маанисинде алсак элдин бийлиги эч жерде болгон эмес, мындан кийин да болбойт. Эгер чындап эле ушундай кабыл ала турган болсок, анда ар бир жаранга коомдук кызмат бериш керек. Ошондо жалпы бийлик болот. Бул тууралуу журналист Эсенбай Нурушев NazarNews маалымат агенттигинде болгон маегинде билдирди.

--Азыркы жагдай саясий жагынан алганда кандай болуп жатат? Демократия курабыз, коррупция менен күрөшөбүз дейт. Демократия Кыргызстанга тамыр бердиби?

-Менимче жалпы жагдайды айтсак, ревалюциядан кийинки кырдаалды айтсак, кыргыздар айткандай “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” деген учур. Өз элимде бар ревалюциядан кийинки диктатура деп коёт же постревалюционный диктатура, ушундай бийлик күч менен алмашканда бардык жерде ошондой мезгил келет. Себеби колдон чыгып кеткен, эч кимди тааныбай калган бийликти жыйнаш керек. Ошол учурду постревалюционный диктатура деп айтат. Азыркы жагдайда бизде ошол бар.

Дүйнөдө демократия үчүн деп Байден саммит чакырды, эң таң калаарлыгы демократия дегенди түшүнбөгөн ага каршы иштеген кээ бир лидерлерди да ошого чакырды. Анан батышдагы гезиттер, маалымат каражаттар шылдыңдап жазып чыкпадыбы: “Бул эмне деген демократия?”- деп. Өзү демократия дүйнөдө чоң кризисге учурады. Муну эми америкалык, франциялык, британиялык илимпоздор өздөрү айтып жатат. Маселен, британиялык илимпоз 2000-жылы эле “Демократиянын доору бүттү, дүйнө постдемократияны көздөй бара жатат”- деп айткан.  Ал кезде постдемократия дегенди эч ким түшүнчү эмес. Мына эми 16-жылдан бери бүт баары постдемократия жөнүндө сөз кылууда.

Анан эми постдемократия деген эмне? Постдемократия деген кадимки демократиянын институттары сакталып калат, бирок ал иштебейт, ал менен эсептешкен эч ким болбойт деген көз боёмочулук. Маселен, шайлоо болот кимди кааласа алып келип алат. Парламент демократиянын өзөгү же ордосу, анан аны менен эсептешкен эч ким жок. Бизде айтып жатат демократиянын ишинен кайтпайбыз деп. Кайсы демократия жөнүндө кеп болуп жатат?

Дүйнөдө азыр демократиянын 550 аныктамасы бар, башкача айтканда 550 түрү бар. Демократия деп кыйкырып жаткандар, ошол 550 демократиянын кайсынысына кирет? Сурасаң эч ким түшүнбөйт, эч ким жооп бере албайт. Эгерде демократия деген терминди өз маанисинде алсак элдин бийлиги эч жерде болгон эмес, мындан кийин да болбойт. Эгер чындап эле ушундай кабыл ала турган болсок, анда ар бир жаранга коомдук кызмат бериш керек. Ошондо жалпы бийлик болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости