www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаныңды кыйнап акча тап, жаныңды кыйнап өлө бер. Эверест көрүстөнгө айланабы.
2026-жылдагы Эверест сезону кайрадан адам өмүрү үчүн эң кооптуу альпинисттик мезгилдердин бири болуп калды. Соңку маалыматтарга ылайык, быйыл дүйнөнүн эң бийик чокусу болгон Эверест тоосунда каза болгондордун саны беш адамга жетти.
Адистердин айтымында, Эвересттеги өлүмдөрдүн негизги себептери — кычкылтектин жетишсиздиги, аба ырайынын кескин өзгөрүшү, чарчоо жана бийиктик оорусу. Айрым учурларда альпинисттер чокуга чыгууга ашыкча аракет кылып, организмдин мүмкүнчүлүгүн туура баалай албай калышат.
Акыркы жылдары Эверестке чыгууга кызыккандардын саны кыйла көбөйдү. Непал бийлиги жыл сайын жүздөгөн уруксат кагаздарын берет. Мунун айынан “өлүм зонасы” деп аталган 8 миң метрден жогору аймакта кезек күтүүлөр дагы көбөйүп жатат. Эксперттер дал ушул тыгындар көп учурда адам өмүрүнө коркунуч жаратарын белгилешет.
2026-жылы дагы аба ырайы туруксуз болуп, шамалдын күчөшү жана температуранын кескин төмөндөшү альпинисттер үчүн чоң сыноо жаратууда. Куткаруу иштеринин татаалдыгы дагы кырсыктардын көбөйүшүнө таасир этет. Себеби мындай бийиктикте тик учактар ар дайым эле уча албайт.
Ошол эле учурда Эверест көптөр үчүн жөн гана тоо эмес, жеке максаттын, эрктин жана дүйнөдөгү эң чоң чакырыктардын символу бойдон калууда. Бирок адистер акыркы трагедиялар альпинизмдеги коопсуздук маселесин кайрадан олуттуу кароо зарылдыгын көрсөтүп жатканын айтышууда.
Эверест чокусуна чыгуу аракеттери XX кылымдын башында башталган. Алгачкы ири экспедициялар 1920-жылдары уюштурулган. 1921-жылы британдык альпинисттер Эверестке биринчи чалгын экспедициясын жүргүзүшкөн. 1922-жылы адамдар биринчи жолу 8 миң метрден жогору көтөрүлүшкөн. 1924-жылы белгилүү альпинисттер Георгий Мэллори жана Андрей Ирвин жоголуп кеткен. Алар чокуга жеткен-жетпегени бүгүнкү күнгө чейин талаш бойдон калууда.
Ал эми Эверест чокусуна расмий түрдө биринчи болуп 1953-жылы 29-майда жаңы зеландиялык Эдмунд Хиллари жана непалдык Тенцинг Норгей чыгышкан.
Ошондон бери Эверест дүйнөдөгү эң белгилүү альпинисттик багытка айланып, миңдеген адамдар чокуга чыгууга аракет кылып келет.
Эверест дүйнөдөгү эң бийик тоо (8848 м), ошондуктан аны “дүйнөнүн чокусу” деп аташат. Бирок бийиктиги, кычкылтектин аздыгы, катуу суук жана күтүүсүз аба ырайы аны өтө кооптуу. Андыктан “Эверест чокусу — өлүмдөр чокусу” деп айтууга болот, бирок бул албетте расмий аталыш болбогону менен атайын тасмалардан альпинистердин өлүп жатканын көрүүгө болот.
Эверест тууралуу акыркы жылдары альпинизмдеги эң чоң көйгөйлөрдүн бири — таштандылардын көбөйүшү тасмалардан кашкайып көрүнүп калды.
Чокуга чыккан миңдеген альпинисттер жана экспедициялар ар кандай калдыктарды калтырып кетишет. Алардын арасында: кычкылтек баллондору, чатырлар, аркан-жиптер, тамак-аш калдыктары, кийим-кече жана жабдуулар бар.
Бийиктиктиги кооптуу болуп турган “өлүм зонасында” аба ырайы өтө катаал болгондуктан, таштандыларды толук тазалоо дээрлик мүмкүн эмес болгондуктан айрым жабдуулар ошол бойдон калып кетет.
Акыркы жылдары Непал бийлиги тоону тазалоо боюнча атайын кампанияларды жүргүзүп жатат. Ар бир экспедицияга таштанды алып түшүү милдети жүктөлүп, эрежелер катуулатылган. Ошого карабастан, Эверест дүйнөдөгү эң бийик “таштанды көйгөйү бар тоолордун” бири бойдон калууда.
Адистердин айтымында, климаттын өзгөрүшү жана туристтердин көбөйүшү бул маселени дагы да курчутуп жатат.
Эске сала кетсек, 2025-жылдын май айына чейинки маалымат боюнча 346 киши чокудан каза тапкан. Кээ бир булактарда 347 деп да көрсөтүлөт. Так сан айтуу кыйын, анткени бардык денелер табылган эмес.
200дөй дене дагы деле тоодо калган. Аларды түшүрүү өтө коркунучтуу жана кымбат, ошондуктан көпчүлүк ошол жерде калат.
Негизги маалымат
- Бийиктиги: 8848.86 метр. 2020-жылы Кытай менен Непал бирге өлчөп, ушул санды расмий деп бекиткен.
- Жайгашкан жери: Непал менен Кытайдын Тибет автономиялык районунун чек арасында, Гималай тоо кыркасында.
- Аты: Непалча Сагарматха — "Асмандын кудайы", тибетче Жомолунгма — "Дүйнөнүн энеси". "Эверест" деген атты Британиялыктар 19-кылымда Индиянын геодезия кызматынын башчысы Джордж Эвересттин урматына коюшкан.
- Абасы: Чокусунда абадагы кычкылтек деңиз деңгээлиндегинин 1/3 гана. Ошондуктан көпчүлүк альпинисттер кычкылтек баллону менен чыгат.
- "Өлүм зонасы": 8000 мден жогору адамдын организми калыбына келе албайт. Узак турса өлүм коркунучу күчөйт.
- Аба ырайы: Шамалдын ылдамдыгы 200 км/саатка чейин жетет, температура -60°Cга чейин түшөт.
Тарыхтагы биринчи чыгуу
- 1953-жылдын 29-майында жаңызеландиялык Эдмунд Хиллари менен непалдык шерпа Тенцинг Норгей биринчилерден болуп чокуга чыгышкан.
- 2025-жылдын сентябрь айына карата 7000ден ашуун адам чокуга ийгиликтүү чыгып, 300дөн ашуун адам жолдо каза болгон.
Кызыктуу фактылар
- Өсүп жатат: Индия менен Евразия тектоникалык плиталарынын кагылышуусунан Эверест жылына 4 ммге өсүп жатат.
- Таштанды маселеси: Көп адам чыккандыктан, тоодо таштанды жана эски жабдуулар топтолуп калган. Акыркы жылдары Непал өкмөтү тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
- Чыгуу баасы: Уруксат, гид, жабдуу менен бирге чыгуу 40 000 – 100 000 долларга чейин кетет.
Ачылышы жана өлчөө
1852-жылы Британиянын Индиядагы геодезия кызматы Эверестти эң бийик тоо экенин аныктаган. Ага чейин Канченжунга деп ойлошкон. 1856-жылы расмий бийиктиги 8840 м деп жарыяланган. Азыр спутник менен 8848.86 м деп такталды.
Биринчи аракеттер
1920-жылдары Британиялыктар 3 жолу аракет кылышкан. 1924-жылы Джордж Мэллори менен Эндрю Ирвин чокуга жетип, түшүп бара жатканда жоголуп кетишкен. Алардын денеси 1999-жылы гана табылган. Дагы деле талаш: алар чокуга чыкканбы же жокпу?
Биринчи ийгиликтүү чыгуу
1953-жылдын 29-майы — тарыхый күн. Жаңызеландиялык Эдмунд Хиллари менен непалдык шерпа Тенцинг Норгей түштөн кийин 11:30да чокуга чыгышты. Сүрөткө түшүп, шоколад калтырып, 15 мүнөттөн кийин түшө башташкан. Бул жаңылык Элизабет II ханышанын коронациясы менен бир күнү чыккан, ошондуктан бүт дүйнө майрам кылган.
"Биринчилер" тизмеси
- 1963: Америкалыктар биринчи жолу түштүк тараптан эмес, түндүк тараптан чыкты.
- 1978: Райнхольд Месснер менен Петер Хабелер кычкылтексыз чыккан биринчи адамдар.
- 1980: Месснер жалгыз жана кычкылтексыз чыкты.
- 1996: Катастрофалык жыл — бороондо 8 адам каза болду. "Into Thin Air" китеби ушул окуя тууралуу.
- 2001: Эрик Вайхенмайер сокур болуп туруп чокуга чыккан биринчи адам.
Азыркы доор
2000-жылдан кийин коммерциялык экспедициялар көбөйүп, жылына 500-700 адам чокуга чыгат. 2019-жылы "кезек" деп аталган сүрөт таралды — 300 адам чокуга чыгыш үчүн саатталап күтүштү.
Эң кызыгы, Эверест адам үчүн жаратылбаган жер. 8 сааттан ашык турсаң, мээң, жүрөгүң иштен чыга баштайт. Ошон үчүн чыгуунун өзү эмес, түшүү эң кооптуу.
Жалпысынан 346+ адам каза болгон. Бул 1953-жылы биринчи ийгиликтүү чыгуудан бери топтолгон сан. Эверест — дүйнөдө эң көп өлүм болгон тоо.
Жылдар боюнча кыскача:
- 2023: 18 адам каза болду — бул тарыхтагы эң өлүмдүү жылдардын бири. Негизги себеп: ашыкча адам топтолушу, бийиктик оорусу, муз кулашы.
- 2024: 8 адам каза болгон.
- 2025: 3 адам чоку жакта каза болду, дагы 2 адам базалык лагерде көз жумду.
- 2026-жылдын май айына карата: 2 адам каза болгон.
Эмнеден өлүшөт?
Көбүнчө себептер: бийиктик оорусу, чарчоо, кулап кетүү, муз-жар кулашы, суукка тоңу. 8000 мден жогору "өлүм зонасы" деп аталат — ал жерде адамдын организми кычкылтекти калыбына келтире албайт. 200дөн ашуун дене тоодо калган. Алып түшүү өтө кымбат жана коркунучтуу болгондуктан, көбү ошол жерде калтырылат.
Саналып жаткан сан ар жыл өзгөрүп турат, анткени жаңы маалыматтар келип турат. Акыркы жылдары куткаруу үчүн вертолётторду көп колдонушуп, өлүм саны бир аз азайган.