www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын "Евразия" телеканалынын "Koremiz" берүүсүндө бир тууган агасы кулга айланткан эже-сиңдинин окуясын көрсөтүшкөнүн "Голос народа"сайты билдирет.

Назгүл менен Кундуз Түркстан районунун Эски Шилик айылында 17 жыл эмгек кулчулугунда жашашкан. Мындай үрөй учурган эже-сиңдилердин жагдайы тууралуу классташтары билип калып, алардын кейиштүү абалына көңүл буруп, жардам сурашкан.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, кыздардын ачкачылыкта жана кийимсиз жашап жатышына алардын бир тууган агасы себепкер. Себеби, мамлекет кыздарга алардын майыптыгы боюнча пенсия төлөп бергени менен, агасы акылы кем эже-сиңдилердин акчасын өзүнө ыйгарып, кыздарды мал кайтарууга, оор шартта жашоого мажбурлаган.

"Мен классташтарымды тааныбай калдым. Кыздар бир топ арыктап, денелерин тырык басып, чачтарын кыскартып салыптыр. Мектепте алар сулуу кыздар болчу. Алардын ата-энеси жок болгондуктан мамлекеттен жардам алышчу, бирок акчанын баарын бир тууганы алып, эже-сиңдини жайытта иштетип, оор шартта жашоого мажбурлаган", - дейт Гүлсимжан Адилжан.

Бир нече күн мурун эже-сиңдилер кулчулуктан бошотулган. Психотерапевт 27 жана 32 жаштагы кыздар менен маектешип, аларда шизофрениянын белгилери жок экенин аныктаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости