www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Кытайда төрөлгөн казак активисти Серикжан Билаш Кытайдын бир нече сайттарында Кыргызстандын жана Казакстандын эгемендүүлүгүнө шек келтирген макалалар тууралуу сөз кылып, которуп чыкты.

Өз видеотасмасында кыргыз-казак бир туугандардын көз карандысыздыгына шек келтирип, кордогон кытай сайттарын тактап, маалымат берди. Видеону толугу менен төмөндө көрө аласыз.

Билаш Кытайдын батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном облусунунда туулган. Кийин Казакстандын жарандыгын алат. Ал Кытайдагы этникалык казактардын укугун коргоп жүрүп белгилүү болгон. Билаш негиздеген "Атажурт" кыймылы Кытайдагы адам укугу жаатындагы жагдайлар тууралуу маалыматтарды таратып келүүдө. Тагыраагы жергиликтүү мусулмандар кармалып жаткан "тарбия лагерлериндеги" абалга эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылып келет.

Активист Шинжаңдагы кытай бийлигинин жергиликтүү элге карата басымы тууралуу бир нече ирет маалымат жыйынын өткөрдү. ММКларга берген маектеринде "тарбия лагерлеринде" бир эле уйгурлар эмес башка этникалык топтор дагы запкы көрүп жатканын айтканы бар.

Белгилей кетсек, бул макалага байланыштуу Казакстандын бийлиги 2020-жылдын 14-апрелинде Кытайдын Казакстандагы элчилигине нараазычылык нотасын тапшырган. Ал эми биздин Тышкы иштер министрлиги азырынча үн ката элек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости