www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Новосибирск - Бишкек каттамынын жокко чыгарылгына байланыштуу бир айга жакын убакыттан бери Кыргызстандын тургундары үйлөрүнө кайтып келе албай жатышат. Күтүүдөн тажап, айласы кеткен жарандар аэропортто түнөөгө мажбур болушууда.

Ал абалды чагылдырган сүрөттөр интернетке тарап, абал учурда кызуу талкууланып жатат. Ал эми кечээ, 15-апрелде жүргүнчүлөрдүн бири өз жанын кыюуга аракет кылганын аэропорттогу жаранга таянып жергиликтүү басылмалардын бири жазып чыкты. 

 Аялды өзүнө кол салууга Бишкекте күйөөсү реанимацияда күтүп жатканы, ага кыйын учурда жетип бара албаганы себеп болгон. Мындан улам ал өзүн өлтүрүү максатында көп өлчөмдө дары ичкен. Аны байкаган башка жарандар Тез жардам кызматын чакырып, жаранга убагында жардам көрсөтүлгөн. Ал эми азыркы абалда өзүнө кол салууга аркет кылган жарандын абалы жакшы экенин аэропортто кармалып турган Айнагүл Калкберди кызы билдирди. "Кечээ өзүнө кол салууга аракет кылган эженин абалы учурда жакшы. Себеби ага убагында жардам көрсөтүлүп калды. Бишкекте күйөөсү реанимацияда экенин айтып күтүп жатып ушул кадамга барды. Өзү кыжаалат болуп, тынчсызданып жатса күйөөсү эмне болуп реанимацияга түшүп калганын да сурай албай койдук. Жолдошум баса албайт деп жаткан, сыягы эженин жолдошунун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген", - деп билдирди жаран.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости