www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Замандаш” саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Кыргыз Республикасынын премьер-министри Абылгазиев Мухаммедкалый Дуйшекеевичти отставкага кетиши керек деген пикирин жазып чыкты.

"Новосибирскийде жолдо калган жарандарыбызды мекенге алып келүүдө кемчиликтер боюнча өкмөткө сын айтып келдик, көбү жаман көрдү. 11-апрелдеги Новосибирск-Бишкек рейсинин болбой калышы биздин өкмөт тараптан кеткенин айтканыбызда PR кылып, элдин башын айлантып жатасыңар дедиңер айрым депутаттар, өкмөт мүчөлөрү!

Мына далил!

Бир шылтооңор жок, мекендештерибизди чыгарууга РФ тарап даяр, эми кабыл алгыла!

Жок дегенде сырттагы мекендештер менен түз баарлашып, акыбалын сураганга жараган жоксуңар! Уят!", - деп Жеңиш Молдокматов жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости