www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Финансылык рынокту жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору даярдалууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев маалымат жыйында билдирди.
Анда ал бул долбоор ишке ашса финасылык секторлор бир калыпка түшүп, экспорттун көлөмү дагы өсөт дейт.
--“Биз бул Финансылык рынокту жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорундун үстүндө тынымсыз иштеп жатабыз. Бул долбоор менен президент Садыр Жапаров дагы таанышып, колдоо алдында турат. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары, төрага баш болуп мунун өтүп кетишине аракет кылышууда. Себеби, бул абдан Кыргызстанга керектүү жана эң пайдалуу проекти болуп саналат.
Ошону менен катар Бишкек Борбор-Азиядагы финансы техникасынын борбору болуп калмак.
Азыр алтындын баасы аябай кымбаттап кетти. Мында сомдун баасын дагы жөнгө салганга мүмкүнчүлүктөр бар.
Азыр Кыргызстанда микро насыя берүүчү банктар абдан көбөйүп кетиптир. Буларды Улуттук банк тескеши керек болчу. Булардын дагы ишин жөнгө салганга ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Азыркы учурда Улуттук банк каршы чыгып жатат. Финансы системасын бузат, кылмыштуулукка жол ачылат деген сыяктуу пикирлер айтылууда. Бул тескерсинче жакшы натыйжа берет.
Кыргызстанда ата-мекендик өндүрүшкө көп көңүл бурулбай жатат. Аталган долбоордун негизинде экспортчуларга жеңилдиктер берилип, экспорттоонун көлөмү дагы өсөт ”, - дейт Ибраев.
Булак: NazarNews.kg