www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы учурда Франциянын www.intelligenceonline.fr басылмасы УКМК  төрагасы Камчыбек Ташиевге көбүрөөк басым жасап, аны жакынкы күндөрү КР президенти болот деп маалымат чыгарды. 

Төмөнкү маалыматты жалпак тил менен айтканда “эки досту” кайраштыруу катары жазганын баамдасак болчудай.

Франция басылмасынын маалыматы:

КРдин УКМК төрагасы Россиянын колдоосу менен Кыргызстандын президенти болууну пландоодо. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөт башчылыкка, андан кийин келечекте президент болууга даярданып жатат. Калк менен байланыш кампанияларынан тышкары, ал Кремлдин колдоосуна ишене алат.

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин курамында өзүнүн кландык таасирин камсыз кылуу максатында кыргыз өкмөтүндөгү кадрдык өзгөрүүлөрдүн планын түзүүдө. Албетте, Кремлдин макулдугу жок булардын баарын кыла албайт. 

Биздеги маалыматтарга караганда, Россиянын президенти Владимир Путин кесиптеши Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго караганда Камчыбек Ташиев менен мамиле түзүүгө көбүрөөк кызыкдар. Ансыз деле президенттин көлөкөсүндө бир катар стратегиялык чечимдерди иш жүзүндө көзөмөлдөп турган УКМКнын башчысы 2027-жылга карата президенттик шайлооодо анын колдоосун жана премьер-министрликке дайындалышы мүмкүн экенин көшөгө артында бекемдеп жатат.

Стратегиялык тандоо

Борбор Азиядагы кадрдык өзгөрүүлөргө Кремлдин таасири чоң. Кошумчалай кетсек, Москва азыркы министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун ордуна мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Кыргызстанга кайтаруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Белгилүү болгондой, Сапар Исаков Кыргызстанда россиялык мегадолбоорлорду, атап айтканда, газ гиганты “Газпромду” өнүктүрүүнү колдойт. 2018-жылы Бишкекте коррупция боюнча соттолуп, абактан качып, учурда Москвада УКМК менен ФСБнын биргелешкен коргоосунда жашайт. Анткен менен Исаков кыргыз калкынын арасында колдоосу жок, бул анын азыркы учурда бийликке кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн аз.

Камчыбек Ташчиев өз кезегинде УКМК менен милиция кызматкерлери үчүн инфраструктураны куруу жана жабдыктарды жакшыртуу программалары, ошондой эле коомчулукта “тартипти калыбына келтирүү” жана “коррупция менен күрөшүү” иштери менен өзүнүн популярдуулугун арттырып жатат.

Жагдайлар боюнча макулдашуу

Өлкөдө, айрыкча өзү туулуп-өскөн Жалал-Абад облусунда кеңири колдоого ээ болгон Камчыбек Ташиев өзүнүн саясий амбициясын азырынча сөз менен көрсөтүүдө. Акыркы айларда ал бир нече жолу УКМК башчылыгынан кетүүнү кааларын билдирген. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде жана Фейсбуктагы баракчасы аркылуу да бир нече жолу айткан.

Анын үстүнө Камчыбек Ташиевдин карьерасын президент Садыр Жапаровдун карьерасы менен бөлүп кароого болбойт. Экөө тең Курманбек Бакиев президент болуп турганда (2005-2010) жогорку саясий кызматтарды аркалашкан. Ошол эле учурда УКМК башчысы мүмкүн болгон тирешүүлөрдү алдын ала көрөт.

Ошондой эле, биздин маалыматка караганда, Камчыбек Ташиевде азыркы президентке карата “компрамат” бар, деп жазган басылма. Толугу менен бул шилтемеде: https://www.intelligenceonline.fr/renseignement-d-etat/2023/06/28/fort-du-soutien-russe-le-maitre-espion-kirghiz-garde-la-presidence-en-ligne-de-mire,109997871-art

Эске сала кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев алгылыктуу иштерди жасап коомчулуктун колдоосуна алынса, КР Президенти Садыр Жапаров элдин алкышына татыды. Мурдагы бийликтин 30 жылда жасабаган эмгектерине эл ыраазы экендигин айтпай кетпесек болбойт. 

Кызыгы, франц басылмасы айласы кеткенден Жапаров менен Ташиевдин арасына кара мышык болуп аралап, мамилесин бузганга аракет кылып башташты окшойт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости