www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-жылкы Футбол боюнча Катарда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта Аргентинанын футбол боюнча курама командасы финалдык беттеште Франциянын курамасы менен 3:3 эсебинде тең чыгып, пенальтинин негизинде (4:2) дүйнө чемпиону болду.
Оюндан соң Франциянын президенти Эмманюэль Макрон талаага чыгып оюнчуларга колдоо көрсөттү. Анын Франция курамасынын оюнчусу Килиан Мбаппени сооротуп жатканы видеого түшүп калган.
Биринчи таймда Аргентина эки гол киргизди. Бирок экинчи таймда франциялыктардын чабуулчусу Мбаппе кыска убакыттын ичинде эки топ киргизип, эсепти теңеди.
Буга чейин, 13-декабрда Аргентина курама командасы Хорватия курамасын 3:0 эсебинде жеңип, чемпионаттын финалына чыккан алгачкы команда болгон.
Дүйнөлүк чемпионатта Мароккону 2:1 эсебинде жеңген Хорватия турнирде үчүнчү орунду ээледи.
Катардагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат 20-ноябрда башталган, 18-декабрда жыйынтыкталат. Жалпысынан Катарга футбол боюнча 32 курама команда барды.
Булак: NazarNews.kg