www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Париждин чет жакаларында бир нече күн мурда башталган тополоң Бельгия менен Швейцарияга чейин жайылды. Бүгүн, 2-июль күнү окуяга күбө болгондор жана жергиликтүү маалымат каражаттары социалдык түйүндөрдө видеолор менен бөлүшүштү.

Бельгиянын борбору Брюсселде митингдер салыштырмалуу тынч өттү. Укук коргоо органдары шектүү адамдарды текшерип, кармоо иштерин жүргүзүштү.

Ошол эле учурда ал жерде баш аламандык 30-июнда эле башталганы кабарланган. Социалдык тармактарда “Франциядагыдай кылгыла” деген чакырыктардан кийин эл митингге чыгышкан. Brussels Times гезитинин маалыматына караганда, полиция ошол түнү 64 адамды кармаган.

Кийинчерээк Швейцарияда да тополоң башталып, Лозанна шаары эң көп жапа чекти. Анда мародерлор дүкөндөрдү тоноого чейин барышкан.

Эскерте кетсек, Францияда массалык баш аламандыктар 27-июнь күнү эртең менен Париждин четиндеги Нантер шаарында полиция 17 жаштагы өспүрүмдү текшерип жатканда атып салгандан кийин башталган. Полиция жаш жигит алардын талаптарын аткаруудан баш тартканын билдиришкен.

Нааразылык акциялары бүт өлкөнү каптады. Жаштар унааларды, милициянын жана жергиликтүү бийликтин имараттарын өрттөшкөн. Кээ бир аймактарга атайын күчтөрдү жайгаштырууга туура келип, оор техникалар жана тик учактар ​​колдонулду.

Зордук-зомбулук уланып жаткан маалда президент Эммануэль Макрон министрликтер аралык кризистик топту чакырды. Ал бул окуяны «түшүндүрүлгүс жана акталгыс» деп атап, жигиттин өлүмүн эч нерсе актабай турганын кошумчалады. Премьер-министр Элизабет Борн полиция "чектен тышкаркы" аракет кылганын айтса, өкмөттүн басма сөз катчысы Оливье Веран маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости