www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Крым көпүрөсүндөгү теракттын уюштуруучулары Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкы башкармалыгы жана анын башчысы Кирилл Буданов болгон. Бул тууралуу 12-октябрда ФСБ билдирди.
"Крым көпүрөсүндөгү теракттын уюштуруучусу Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы, анын башчысы Кирилл Буданов, кызматкерлери жана агенттери экени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Крым көпүрөсүндөгү терактка шериктеш болгон деп Украинанын жарандары Михаил Цюркало, Денис Ковач, Роман Соломко, Грузиянын жарандары Сандро Иносаридзе, "Леван" аттуу брокер жана Армения жараны Артур Терчанян кармалды.
Белгиленгендей, бул адамдар Болгариядан Грузиянын Поти портуна, андан ары Армения аркылуу Орусияга жүк ташуу менен алектенишет.
Жардыргыч заттын өзү жалпы салмагы 22 кгдан ашкан 22 поддонго курулуш полиэтилен пленкасы менен камуфляждалган. Август айынын башында Одессанын деңиз портунан Болгариянын Русесине жөнөтүлгөн.
ФСБ ошондой эле, Крым көпүрөсүнө кирер алдында жүк ташуучу унааны текшерүү боюнча ыкчам материалдарды жарыялады.
Эске салсак, 8-октябрь күнү таң атпай Крым көпүрөсүнүн бир бөлүгүндө жүк ташуучу автоунаа жардырылып, анын кесепетинен күйүүчү майды темир жол аркылуу ташыган жети цистерна өрттөнгөн. Жарылуунун кесепетинен Краснодар жана Керчь шаарларын бириктирген жолдун бир бөлүгү ураган. Учурда көпүрөдө темир жол, автоунаа кыймылы жанданды. Тергөөчүлөр жардырылган автоунаага Краснодар крайынын тургуну ээлик кыларын аныкташты. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан жүк ташыган автоунаанын жанында бараткан жеңил машинанын үч жүргүнчүсү көз жумган.
Орусия лидери Владимир Путин да жардырууну теракт деп сыпаттап, көпүрөдөгү жардыруу Украинанын атайын кызматынын буйрутмасы менен ишке ашканын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg