www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга белгилүү обончу жана ырчы, Гүлжигит Сатыбеков жылдын 12 айын тең гостролдоп жүрөт. Алсак, “Беш тапан” куудулдар тобу менен Кыргызстандын кычыгына чейин түрө кыдырып, анын арасында алыскы Россия Федерациясынын көптөгөн шаарларында Мекендештерге арнап концерттик программасын тартуулап келүүдө.

“Учурда, муңдуу ырлардын алдыңкы сабында турган ырчы Гүлжигит Сатыбеков, “Беш тапандын” бир тапаны Баатырбек Абакиров менен Москва шаарында концерттик программасын тартуулап жүрөт.  Аталган ырчынын бат-баттан Москвага келип турушу салтка айланып калган. Өзүнүн күйөрмандары менен тыгыз байланышта. Гүлжигит мырзанын айтымына караганда ырчынын тынымсыз гостролдоп жүрүшү, көнүмүш адатка айланган. Демек, Гүлжигит Сатыбековду Москванын калың токойлоруна киргизип, адаштырып жиберсең деле жолун таап чыгып кетет”, - дейт жергиликтүү кабарчыбыз Илимбек Исраилов.

Эске сала кетсек ырчы ушул тапта Москвада өз өнөрүн Мекендештерге тартуулоодо.  

Баса, жакын арада Гүлжигит Сатыбековдун “двойниги” тууралуу кызык маалыматты окурмандарга  кабарлайбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости