www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Тарых жана маданият жылына карата Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм Өнөр Факультетинин, Графика бөлүмүнүн ага окутуучусу Үмит Дикмендин сүрөт көргөзмөсү өтөт.
Аталган көргөзмөдө, Дикмендин «Түрк элдери жана уламыштары», «Шаар аянтчалары» аттуу иллюстрация жана миниатюралар, кара калем жана графикалык программалар аркылуу тартылган иштери коюлат.
Андан сырткары заманбап ыкмадагы иллюстрацияларды чагылдуруу идеясына, автор атактуу кооз шаарларды гана эмес, түрк дүйнөсүнүн маанилүү маданий мурастарын да камтыган. Автордун ар башка чыгармачылык жылдарында, өзгөчө мамилеси жана кылдаттыгы менен тартылган отуз жети сүрөтүн көрүүчүлөргө сунуштайт, дейт уюштуруучу Назира Бегим.
Тарых жана маданият жылынын алкагында – бул көргөзмө, Орто Азиянын жана Чыгыш өлкөлөрүнүн маданий мурастарын сүрөтчүнүн көзү менен көрүүгө мүмкүндүк берет. Аталган көргөзмө, Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 16-майда саат 14:00дө өтөт.
Булак: NazarNews.kg