www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаевге кечээ, 11-майда Улуттук коопсуздук кызматы айыбын угузганын жарыялады. Ага “коррупция” беренеси боюнча күнөө тагылып, өлкөдөн сырткары чыгууга тыюу салынды. Канатбек Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда жергиликтүү кеңештин депутаттарына басым кылып, муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга соода борборун куруу үчүн мыйзамсыз берип жиберген деп айыпталууда. Депутаттын ага карата коюлган айыптоолор тууралуу пикирин окууну сунуштайбыз.

–УКМК кечээ сизге койгон айыбын жарыялады ушул тууралуу айта кетсеңиз.

-Буга чейин депутат болдум, губернатор да болдум, бирок мен референдумга каршы сөз сүйлөгөндөн кийин эле мурун токтотулган кылмыш иши кайра жанданганы тууралуу айтышты. Кечээ күнү мени Улуттук коопсуздук кызматына чакырышты. Бир нече суроо берип, айыпты угузушту. Мен дагы өзүмдүн көз караштарымды айттым. Мен берген көрсөтмөлөрдөн кийин тергөөчүлөр айрым нерселерди аныктап, бир жыйынтыкка келишсе керек.

-Сизди Токмок шаарында жайгашкан жерди соода борборуна мыйзамсыз берип салган деп жатышпайбы?

-УКМК “Токмоктогу жер боюнча эч кандай маалымат бербейм” деген тил кат алды, ошондуктан мен бул тууралуу маалымат бере албайм. Бирок айтарым, менин күнөөлөй турган мыйзам чегинде эч кандай негиздер жок. Кылбаган иштеримди кылды деп жатышат. Менин бул жерде эч кандай күнөөм жок экенин эртели – кечпи далилдеп берем.

Анткени мен корко турган эч нерсе жок. Эгерде мыйзамсыз иштерди кылган болсом бийликти сындабайт болчумун, менин да башым экөө эмес. Өзүмдүн ак экенимди билгендиктен жогорку мамлекеттик бийликке сын айтканга эрким жетти.

-Анда бул окуяны бийликтин сизге карата саясий куугунтугу деп кабыл аласызбы?

-Муну эл таразалайт.

-Скрябин, 45 дарегиндеги Максим Бакиевдин жер тилкеси боюнча изилдөө жүргүзүп жатканыңыздын бул кылмыш ишинин козголушу менен байланышы жокпу?

-Жалгыз гана бул жер эмес мамлекеттик менчикке өтүп, улутташтырыла турган 15ке жакын мүлктөр кандайдыр бир себептер менен, ошол эле бийликте отурган адамдардын, соттордун аракеттери менен улутташтырылбай, бирөөнүн менчигине айланган. Комиссиянын төрагасы катары анын баарын аныктап жатканыбызды айта кетейин. ЖКнын жалпы жыйынында бул тууралуу кенен маалымат берем.

-Бул айыптоо боюнча партиялаштарыңыздын пикири кандай?

-Айып кечээ кечинде гана угузулгандыктан азырынча эч кимиси менен жолугуша элекмин, бирок мени колдогондор бар.

Сизди камап коюшса “Кыргызстан” фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгышы мүмкүнбү?

-Аны жалгыз мен чечпейм. Депутаттар, фракция чечет. Алдын ала айта албайм.

Президенттикке талапкерлигиңизди коёсузбу?

-Мен мындай чечим кабыл ала элекмин. Президенттикке талапкерлигимди коём дегенден мурда партиялаштар, жакындар, биздин тарапташтар менен кеңешип, алардын оюн эске алып анан чечим кабыл алмакчымын. Баарын убакыт көрсөтөт.

Камап коюшат деп чочулабайсызбы?

-Камагандан эч ким коркпойт. Күнөөм болсо жооп бергенге даярмын. Мен өзүмдүн актыгыма ишенем. Ошондуктан өз позициямды бардык күч менен коргойм.

Булак: Каганат

 

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости