www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандык продюсер Баян Есентаева үйлөнүү тоюн чет элде эмес, Алматы шаарында өткөрөөрүн айтты. Бир жумадан бери продюсердин үлпөт көйнөгү менен түшкөн сүрөтү интернетти жарды. Коомчулук мындан улам той жакындап калганын айтышты.

Ал эми продюсердин өзү той тууралуу: “Мага той тууралуу суроолор көп берилип жатат. Той берген соң, дүркүрөтүп өткөрүү керек. Үйлөнүү той менин жакындарым үчүн эстен кеткис сыйлык болуп калышын каалайм. Мына ошондуктан, бул тууралуу кеп кылгым келбейт. Болгону менин тоюм башка тойлордон өзгөчө өтөөрүн анык. Мен патриотмун! Тоюм чет элде эмес, Алматыда өтөт” деди.

Узун кулактарга ишенсек, Баян менен сүйүктүүсү Турсындын нике кыюу аземи күз мезгилине пландалыптыр. 

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости