www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эли өтө кең пейил калк. Мамлекеттин адамдары деле, бири-биринин күнөөлөрүн көрсө көрмөксөн болушуп, өтө мээримдүү атка минерлердей сезилет. Тилекке каршы ошол эле учурда күчтүү атаандаштарын баса калып каматмай тактикасына өтүп алышканын айтпай кетпеске болбойт.

Кандай болгон күндө да, Баш мыйзамдын атасы баш болуп  Өмүрбек Текебаев камакта калып, бери жакта эле калган Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов, деги койчу, кечээ жакында эле канга чыланган Садыр Жапаров дагы, президенттик шайлоого карата унутулуп бара жаткандай...

...Баарынан кызыгы, айрым амбициясы аттын башындай талапкерлер, президенттикке үгүт иштерин эрте баштап алды.

Алсак, Темир Сариев Түштүктү бир сыйра кыдырып келсе, трактор менен шугулданган Бакыт Төрөбаев дагы эл алдынан өтүп койсо, “кредитти пайысыз берем”, деп айкырган Өмүрбек Бабановго “Менин президентим” деген ырлар ырдалып чыга баштады.

Тилекке каршы кыргыз элибиз дагы 25 жылдан берки куру убадалардан тажабаган сыяктанат. Алсак, Ысык-Көл облусундагы жолдун таш-талканын чыгарган, “асфальттардын астында калган акчага тийешеси бар”, деген Темир Сариев “президент болом“, деп чуркап жүрсө, алып келген тракторлорун акысыз бергенсип, “айыл-чарбасына укмуш салым коштум”, деп Бакыт Төрөбаев “президент болом” деп кыялданып, “кредиттерди пайызсыз беремин” деп, элди алдап, атаандашы Камчыбек Ташиевди ашыра тепкен Өмүрбек Бабанов, президенттикке ат салышса анда аман эле бололук...

Дегеле, эми Кыргызстанды гүлдөтүп, эл үчүн өпкөсүн чапкан, накта кыргыз жыттанган, эртеңкини ойлогон, нарк-насилди билген, акылман адам Ажолукка келип, алакандай кыргыз элин көтөрсө деген гана тилек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости