www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мирлан Алыкулов деген аты-жыты жок ырчы бар, аны билесиңерда. Убагында Мирлан Баеков "Кызыл  өрүк"   деген ырды эл арасында популярдуулукка жеткирип ырдап койгондон кийин, эң жакын досун сатып, достугун жокко чыгарып, “мен автормун, мен чыгаргам” деп төшүн кагып чыккан. Эми минтип: “Биздин президент Өмүрбек Бабанов”,  деп ырдап жүрөт. Эмне Атамбаев президент эмеспи. Бул бала мамлекетти ким башкарып жатканын билбейби? Бул эмне деген шумдук”, - деген пикирин билдирди “Аргумент” маалымат сайтынын жетекчиси Темирлан Бекботоев.

“Мен билгенден ал чырдай алат, бирок ырдай албайт. Анан ошол белгисиз ырчы калың элдин атынан "Бабанов биздин президент" деп ырдаптыр". Алыкулов ырындын текстин “срочно оңдоп жазып ырда же өчүрт. Биздин президент азыр жаманбы, жакшыбы ал Атамбаев! Ыр чыгарганда ойлонуп анан чыгарышпайбы? Бир болсо жанагы "Албартсы" деген ырды дагы ушул жазып берген окшойт чё-то удаа чыкты. Убадаларын уйга жедирген кишинин президент болууга “морально” укугу жок! Ойлон кыргызым, таза-нукурусын тандайлы! – деди Темирлан Бекботоев.

Булак: NazarNews.kg

Редакция: Экинчи тарапка эшик ачык, байланышса болот. Социалдык тармакта чуу жараткан ырдын текстин төмөнкү тасмадан аласыздар.

Последние новости