www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргыздын алп жазуучу, акындары менен ата-баладай катыштым”, - деди NazarNews маалымат агенттигине жазуучу, котормочу Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ильгиз Гилязетдинов.

--“Мен кандай гана кыргыз элинин улуу, белдүү алп жазуучу, акындары менен иштешип алар менен жакын мамиледе болдум. Себеби, радиодо адабият-музыкалык программасын көп жыл жетектедим. Ошол учурда маданий чыгармачылыкты жайылтууда залкар акын, жазуучулар менен түз иштешип, алардын чыгармаларын жайылтып аябай жакшы кызматташтык. Алардан көп нерсени үйрөндүм. Ошону менен катар өзүмдүн чыгармачылыгымдын үстүнөн иштедим. Анан котормочулукка дагы өттүм. Ошол улуу инсандардын чыгармаларынын ар бир ырынын тарыхын, чыгармаларынын  жаралышы менен тааныштык. 10 жыл адабият-музыкалык программаны жетектедим. Кыргызстан маданияты жумалыгына 13 жыл жооптуу катчы болдум. Ошол учурларда искусствонун адамдары менен иштеп таасир алдым. Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликов, Жусуп Турусбеков, Жоомарт Бөкөнбаев жана Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу залкарлар ата-баладай өмүрлөрү өткүчө мага устат болушту”, - дейт котормочу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости