www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30 жылдан бери бийликте жүргөн кадрларды эски компьютерге окшоштурам. Ал эми жаш кадрларды ноутбукка салыштырам. Мындай пикирди жаш саясатчы, жеке ишкер Илгиз Шаменов “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.

-- “Кыргызстандагы 30 жылдан бери бийликте жүргөн саясатчыларды мен эски компьютерге салыштырам. Ал эми жаш кадрларды жаңы ноутбукка теңесек болот. Себеби, жашы өткөн кадрлар эскиче ойлонуп, өнүгүү, өзгөрүүнү ойлонбойт экен. Ал эми жаш, дүйнө таанымалы кенен кадрлардын мамлекетти өнүктүрүү жөндөмү башкача. Алардын планын, программасын карап отурсаң абдан ыраазы болосуң. Андыктан 30 жылдан бери бийликти ээлеген саясатчылар өздөрү жаштарга, кеңешин берип, жол бошотсо деген ойдомун. Ошону менен бирге мурдагы президенттердин убагында иштеген жаш, мыкты кадрлар келип иштесин, эгер алар мамлекетке зыян келтирген болсо мыйзам алдында жооп берсин. Башка өлкөлөрдү карап отуруп суктанасың. Мен Европанын 50дөй мамлекетинде болдум. Алардын иштөө системасы башкача, мыкты кадрларды мамлекеттик кызматтарга бекиткен. Эмне үчүн биз ошол өлкөлөрдөй боло албайбыз.Кыйратабыз деп келишет, бирок натыйжалуу жыйынтыкты көрө албайбыз. Башаламан башкаруудан эл дагы, жаштар дагы тажады”,- дейт Шаменов.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости