www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иранда студент кыздын өлүмүнө байланыштуу уланып жаткан элдик толкундоолордо бери дегенде эле 133 киши каза болду. Бул тууралуу Iran Human Rights укук коргоо уюму кабарлады.
Маалыматка караганда, каза болгондордун 40тан ашыгы Захедан шаарына туура келет. Бул калаанын тургундары хижаб кийүү эрежесин бузууга айыпталып кармалгандан кийин мерт болгон 22 жаштагы Махса Амининин өлүмүнө нааразылык билдиргенден тышкары жергиликтүү полициянын башчысын 15 жаштагы кызды зордуктоого айыптап, аны жазалоону талап кылышкан.
30-сентябрда шаардын жашоочулары жергиликтүү полициянын алдына чогулуп, айрымдары анын имаратын көздөй таштарды ыргыткан. Интернетке жарыяланган видеодо полициянын өрттөнүп жаткан автоунаасын да көрүүгө болот. Чогулган адамдарга полиция бөлүмүнөн жана анын үстүндө учуп жүргөн тик учактан ок атылган. Кийинчерээк иран бийлиги бул окуяны полиция бөлүмүнө жасалган "террористтик чабуул" деп атаган. Түрдүү маалыматтар боюнча, ок атуудан 19дан 58ге чейин киши каза болуп, жүздөгөн адам жараат алган.
16-сентябрда студент кыз Махса Амини полиция хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармап кеткенден кийин каза тапканы ачыкка чыкканда Ирандын бир нече шаарында эл козголгон. Нааразылык акциялары бүгүнкүгө чейин уланууда. Эл аялдардын укуктарын камсыздоодон тышкары башка саясий талаптарды да коюп келатат.
Тегеран демонстрация, митингдерди козутуп жатат деп чет өлкөлөрдү айыптап жатат. Иран бийлиги өткөн аптада Франция, Германия, Италия, Нидерланды жана Польшанын жарандары кармалганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg