www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кызматтын ылдыйкы кабаттарынын тепкичтеринде жүрүп, кокусунан бактысы ачылып 7- кабатка көтөрүлүп калса эле баарына акыл үйрөтүп калышат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.

–Иштин баары бийликке келген адамдардын туура эмес сөздөрүнөн, туура эмес кадамдарынан болот. Жалпы эле бийлик адамдары, маселенин чоо жайын иликтеп, эл алдында ачык, болгонун болгондой, тактап айтканды үйрөнүшсө жакшы болмок. Кыргыздар тээ илгертен бери сөзгө өтө терең маани берип келген. Элибиз, “буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт” деп бекер айткан эмес. Айрым адамдардын сөзү тарыхтын багытын өзгөрткөнгө түрткү болгон. Жашырып эмне, бизде адат же көрүнүш болуп калбадыбы, кызматтын ылдыйкы кабаттарынын тепкичтеринде жүрүп кокусунан бактысы ачылып, алтынчы, жетинчи кабатка көтөрүлүп калса баарына акыл үйрөтүп, насаат айтып, билбеген маселенин да “биларманы” болуп, “туура сөздөрдү” артын карабай айтып алып, элди дүрбөлөңгө салып, бушайман кылып, ал эмес эл аралык мамилелерге да шек келтирген учурларды башыбыздан канча өткөрдүк. Аягы бүгүнкү күнгө чейин ызы-чуу бүтө элек”, - дейт коомдук ишмер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости