www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылы Бишкекте башаламандыктан пайдаланышып камакта жаткандар бийликке келишип, Убактылуу Өкмөттү түзүшкөн. Бул Азияда башталган «Араб жазынын» желаргысы эле. Туура бир жыл өткөн соң Азиядагы мусулман мамлекеттериндеги элдик толкундоолорго түрткү берген Тунисте башаламандык башталат. Алардын желаргысы ушул күнгө чейин токтобой келе жатат.

«Араб жазынын» башталышы

Кыргыз жергесинде эгемендүүлүктү алганыбыз менен элибиз жакырчылыкка түртүлгөн. Бир нече төңкөрүштөн улам муну түшүнсө болот. Арабдар ач көздүктөн улам ушундай ырбаган жаңжалдарга барып жаткандай, алардын элинин жашоосу  кудай берген мунайзаттан улам көпчүлүк мамлекеттерден өйдө туруп, мындан да жакшы жашайбыз деген ойлор менен ызы-чуудан кутула алышпай келе жаткандай. Тунистеги Мохамед Буазизи деген жигит Сиди-Бузиди шаарчасында өзүн-өзү өрттөп салгандан кийин «Араб жазы»  башталган. Анын күчү менен бийликтен кулатылган президент Бен Али Сауд Арабиясына кире качып, кийин сыртынан түрмөгө кесилген. «Араб жазы» улам коңшу мамлекеттерге да жайылып, Мисирде, Ливияда диктаторлордун бийлиги кулаган. Ливиянын жетекчиси Каддафини таш бараңга алып өлтүрүшкөн. Сирияда жарандык согуш башталган. Бул өлкөлөрдүн айрымдарында ушул күнгө чейин тынчтык орной элек.

Тунис менен Египеттеги окуяларды узакка байкап олтуруп, ар-намысы козголгон көптөгөн сириялыктар көчөгө чыккан. Алар Тунистеги, Ливия, Египеттеги окуяларга шыктанган эле. Президент Башар Асаддын кесиби офтальмолог болгон. Мектеп полициясы башаламандык кылгандарды дароо кармады. Ошо менен Иордания менен чек арадагы шаарда каршылык жүрүштөрү дүрт этти. Бир эле учурда өлкөнүн башка шаарлары - Дамаск менен Алепподо эл көчөгө чыкты. Алар реформаны жана саясий туткундарды бошотууну талап кылышкан. Коррупцияга жана жакырчылыкка каршы чыгышкан эле. Асад элдеги каршылык маанай күчөгөнүнө сырткы күчтөрдү айыптап, катаал чара көргөн. 2011-жылдын мартында Хомс шаарында демонстранттарды танк менен атышты. Жаңжалдын кызыл чогу улам өрткө айланып баратты. Оппозициянын катарына радикалдуу маанайдагы топтор жыйыла баштады жана тынчтык жүрүштөрү куралдуу кагылыштарга айланды. Андан кийин жаңжалга сырткы күчтөр кошулду. 2012-жылдын этегине чейин кагылышуулар сириялыктардын гана ортосунда болуп жаткан. Акырындап чөлкөмдөгү өлкөлөр аралаша баштады.

«Араб жазы» көптөгөн өлкөлөр менен катар Сирияны да өз кучагына алган. Мындан он жыл мурун сириялыктар демократияны талап кылып көчөгө чыккан. Бирок анын ордуна согуш жана талкаланган өлкөнү алышты. Бийликте мурдагыдай эле авторитардык башкаруучу. Жаңжалга Жакынкы Чыгыштын башка өлкөлөрү, Орусия, Түркия жана Батыш дагы тартылып, мурда болуп көрбөгөндөй масштабдагы курч гуманитардык кризиске алып келди.

Өткөн жылдын мартынан тарта Сирияда согуштук аракеттер токтоду.

 Сириядагы согушка он жыл

Сирияда калган калктын - 12,4 млн киши ачарчылыктын чегинде. Орто катмар дээрлик жок болду. Азык-түлүктүн бир айлык керектөөсү орточо маянадан ашып түшөт. Жакшы жашоо үчүн сириялык бир жаран 700 миң лира (300 доллар) иштеп табышы керек. Азыр орточо айлык 55 миң лира (24 доллар). Өлкө төрт аймакка бөлүнүп турат. Асаддын күчтөрү Сириянын үчтөн экисин көзөмөлүнө алды . 2013-жылга салыштырсак, өлкөнүн бештен бирин гана көзөмөлдөп турган. Анын ичинде негизги сегиз шаар - Дамаск, Алеппо, Хомс, Хама, Латакия, Тартус, Дераа жана Дейр-эз-Зор бар. Сириянын калкы 17 миллион бул аймакта болжолу 12 миллион чамалуу калк жашайт. Дагы 7 миллион сириялык ар кайсыл өлкөгө качты.

 Сириядагы согуш бир нече себептен улам узакка созулду. Негизги себептердин бири - эл аралык оюнчулардын аралашканы. Сириянын тагдыры сириялыктардын колунда болбой калганына көп болду. Жаңжалды жайгаруу эми сырткы күчтөргө байланыштуу. Идлибдин айланасында түркиялык күчтөр бар. Кокус эле чатак чыгып кетчү болсо, Орусия менен Түркия ортосундагы түз кагылышууга алып келиши мүмкүн.

Сириянын чыгышындагы абал деле кудум ушундай. Бул жерде америкалык жана түркиялык, орусиялык аскерлер бар.Мындай абалдан чыгуунун эки гана жолу бар - дипломатиялык ыкка көнүү, болбосо азыркы кырдаалды узак жылга ушул бойдон калтыруу.

Жаңжалдын чыгуусуна себеп боло турган жагдайлар

Сириянын түндүгүндө жаңжалдын тутанып кетүү коркунуч бар. Анын ичинде Идлибде чатак ырбап кетиши мүмкүн. Чыгышта болсо өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун аман калган согушчандары бар.  Алар саясий, диний, экономикалык кырдаалды пайдаланып, катарына жаңы кишилерди тартууга аракет кылат. Түштүктө - Дераа менен Кунейтра провинциясында көтөрүлүшчүл топтор али куралын таштай элек.

Күрддөр түндүк-чыгышты көздөйт

Сириядагы согуш мурда болуп көрбөгөндөй масштабдагы гуманитардык кризиске алып келди. Жарым миллион чамалуу киши каза тапты. Калктын тең жарымы - 12 миллион киши үй жайынан безип, качкынга айланды. Алардын 6,6 млн чамалуусу Сириянын ичинде көчүп-конуп жүрсө, калган 5,5 млн киши коңшу өлкөлөрдөн - Түркия, Ливан, Иордания жана Ирактан башкалка тапты. Миллион чамалуу киши Европага чыгып кетти. Бул экинчи дүйнөлүк согуштан берки качкындарга байланышкан өтө чоң көрсөткүч. 6,6 млн чамалуусу Сириянын ичинде көчүп-конуп жүрсө, калган 5,5 млн киши коңшу өлкөлөрдөн - Түркия, Ливан, Иордания жана Ирактан башкалка тапты. Азыр өлкө калкынын 90 пайызы жакырчылыктын чегинде күн кечирүүдө. Бүтүндөй шаарлар урап, өлкө боюнча ооруканалардын теңи кыйрады. Он жылга созулган согуштан кийин экономика дагы урандылар алдында калды.

Сириянын түндүк-чыгышы АКШ колдогон күрд коалициясынын колунда. Түндүк-батышын Түркия менен байланышта болгон көтөрүлүшчүл топтор көзөмөлүнө алган. Идлибде көтөрүлүшчүл топтор дагы деле бар. Алардын арасында жихадчыл "Ал-Каида" менен байланышта делген көп өлкөлөрдө экстремисттик уюм катары таанылган "Хайат Тахрир аш-Шам" тобу бар.

Кургактагы чек аранын 15 пайызы гана Сирия армиясынын көзөмөлүндө. Калгандары сырткы оюнчулардын колунда. Сирияны толугу менен көзөмөлгө алганы тууралуу жарыяланган билдирүүлөргө карабастан, Дамаск чет өлкөлүк державаларга баш ийип, кыскарып кеткен аймакта узак убакыт бою чектелген суверендүүлүктү сактап калганына ыраазы болгондой. Америкалык аскерлер Сириянын чыгыш тарабынан толугу менен чыгып кетсе дагы, өлкө жаңжалды жайгарууга катышкан өлкөлөрдүн - Орусия, Түркия жана Ирандын колунда кала берет. Ошондуктан бул маселеде Асаддын алдында тандоо жок.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости