www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ Бишкекте орус ишкери Александр Гайдуковго болгон кол салуу анын персонасына карата кызыктуу суроолорду пайда кылды.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев болуп өткөн окуядагы ишкердин жүрүм-турумуна көңүл бурган. Анын байкоосунда бул жарылуу ишкерди жок кылуу максатын көздөгөн эмес, өлтүрүү максатында болгондо жолдон жана унаадан обочо жерге эмес, бут басаар жерге жайгаштырышмак. Экинчиден, жардыруу жаңы жылда колдонуучу кытайдын жарылгыч заттарынчалык да болгон эмес. Үчүнчүдөн, А.Гайдуков жана анын коштоочулары жардыруу болоорун алдын-ала билип, ага даяр турушкандай – артында жарылуу болуп жатса алар бурулуп карап да коюшкан жок, эңкейип же жата калышкан эмес. Кандай чуу болбосун (жарылуу, атуу же катуу сокку) адам болобу, жаныбарбы – бирдей кыймылдашат – үн чыккан жакка шарт бурулат. Алардын реакциясы абдан токтоо болуп, колун карап коюп кете беришкен. Мындай жүрүм-турум өзгөчө кырдаал учурунда таң калыштуу көрүнөт.

Александр Гайдуков Кыргызстанда ишкерлердин жана алардын өнөктөштөрүнүн  бизнестеги ак ниеттүүлүгүн текшерүүчү бизнес жүргүзчү. Гайдуковдун ишканасы өз ишинде полиграфты (калп детектору) пайдаланып, анын жардамы менен жумуш издеген адамдардын ишенимдүүлүгүн текшерчү. Бир фирмасынын тыңшоочу атайын каражаттарды өндүрүү жана сатууга лицензиясы бар экени, мындай аппараттардын жардамы менен ал өз өлкөсүнүн атайын кызматтарына жана кызыкдар тараптарга жашыруун маалыматтарды алып берип турганы айтылууда. Ал Кыргызстанда 80-жылдардын аягынан бери ишмердик жүргүзөт, бирок расмий ишканасын 1998-жылы каттаган. Бир нече жыл мурун Кыргызстанда жаңгак майын өндүрүп баштаган, бирок бул жөн гана калкалоочу ыкма болгон – чындыгында ал курал-жарак сатуу менен алектенип келген.

Гайдуковго карата кол салуу 2016-жылы да катталып, ага каршы эки жолу ок атышкан, бактыга жараша ок колун чийип өтүп аман калган. Ал кесипкөй тыңчы, СССРдин КГБсында оперативдик кызматта эмгектенген, чет элдерде чалгындоонун атайын курстарынан өткөн. 1991-жылы капитан наамы менен запаска бошонуп, бизнестеги атаандаштык жаатында чалгындоо жүргүзүү менен алектенген. Анын Бишкектеги ишкер өнөктөшү Марат Кенжисариев – Мамлекеттик коргоо комитетинин мурунку башчысы.

2016-жылдын октябрынын башында М.Кенжисариевдин айдоочусу ОПГ мүчөлөрүнө 3 Калашников автоматын сатып жаткан жеринен кармалган. Курал-жарактар аскер бөлүктөрүнүн кампасынан алынганы аныкталган. Тинтүү учурунда кармалгандын үйүнөн мыйзамсыз сакталган дагы бир топ курал-жарактар табылган. Тергөө Чек ара кызматынын кампаларынан 26 автомат, 14 тапанча жана 13 миңден ашуун патрондор уурдалганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Усувалиев баш болгон 14 офицери жана ИИМдин 10-башкармалыгынын бөлүм башчысы кызматынан алынган. Бул окуя боюнча өкмөт атайын комиссия түзгөн. Марат Кенжисариевдин кызматынан алынышы да ушул чуулуу окуяларга байланыштуу экендиги айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости