www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27- майда Жайыл РИИБдин имаратында ала качкан жигиттин колунан мыкаачылык менен бычакталып каза болгон Бурулай Турдалы кызы тирүү болгондо бүгүн туулган күнүн белгилемек. Ал 1998-жылы 11-августта жарык дүйнөгө келген болчу. Жакындары сай сөөктөрү сыздап "бүгүн Бурулай тирүү болгондо кучак толо гүлгө оронмок, мыкаачынын колунан ажал тапкан Бурулайга гүл ордуна кече күнү мүрзөсүнө эстелигин орноттук" деп зар какшайт.
Учурда Бурулайдын өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бирок чындык издеп чыркыраган жакындары Бурулайдын ишин алып барып жаткан тергөөчүлөргө нааразы. Турдалы Кожоналиев милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигине тийиштүү деңгээлде баа берилбей жатканын айтып, тергөөчүлөр алардын күнөөсүн жашырууга аракет кылып жатат деген.
28-майдагы Жайыл райондук милиция бөлүмүндөгү видеокамералардын файлдары өчүп калыптыр. "Тергөөчү иш башталганда "бизде далил үчүн видео бар. Анын баарын аягында көргөзөбүз" деп айткан. Эми УКМКга барганда "видео файлдар эки күн эле сакталат экен, өчүп калыптыр, тийиштүү адистерге барып такыр ачтыра албай койдук" деп жатат. Кантип эле эки күндө өчүп кетсин, түшүнбөй жатам. 28-май күнү окуя болгон жерге милиция бөлүмүнө барганда бизди үч саатка чейин киргизбей коюшкан. Анда мен кызым өлүп калганын да уга элек болчумун. Көрсө булар ошондо бүтүрчү иштеринин баарын бүтүрүп сүйлөшүп алышкан окшойт. Эгер милициянын күнөөсү жок болсо видеону коркпой- үркпөй эле баарына ачык көргөзүп түшүндүрүп бермек да. Бул жерде милициянын күнөөсү чоң", — дейт Кожоналиев.
Бурулайдын атасы тергөөчү, эксперттерден баары сүйлөшүп алган деп арызданып, акыйкатты кайдан издерин билбей калганын кошумчалады.
Эске сала кетсек, кече күнү Facebook социалдык тармагында Бурулайдын денесинде «Н+Б=Х» деген жазуулары көрүнгөн сүрөт жарыяланды. Милиция буга чейин Бурулайдын денесинде эч кандай тамгалар жок экендигин билдирип, ал дефибриллятордун тактары экендигин маалымдаган.
Буга чейин 19 жаштагы Бурулай Турдалиеваны 2018-жылдын май айынын аялында Жайыл РИИБдин имаратында аны ала качып бара жаткан жеринен кармалган жигит өлтүргөн. Кыздын атасы Бурулайдын денесинде тамгалар жазылганын айткан. Бирок, милиция аны чекке каккан болчу. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында дагы бул дефибриллятордун тактары экендиги жазылган. «Бурулайды акыркы сапарга узатар күнү журналисттердин бири анын денесин сүрөткө тартып алууну өтүнгөн. Эми бул жалгыз сүрөт Бурулайды ала качкан жигит аны Жайыл РИИБдин имаратында кыйнап өлтүрүлгөндүгүнүн далили. Сүрөттөгү дене Бурулайдыкы экенин анын атасы далилдеп бере алат», - деп жазат сүрөттү жарыялаган колдонуучу Marat Erkin.
Булак: NazarNews.kg