www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Көп чет элдик инвесторлор Кыргызстандан чыгып кетти”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экономика боюнча серепчи Искендер Шаршеев.

--“Сырттан келе турган инвесторлорго чектөөлөр алынып жатат. Бул инвесторлордун кайтып келип, экономикага салым кошуусуна шарт түзөт. Бирок чыгып кеткен инвестициянын көлөмү - кирген инвестицияга караганда жогору. Былтыртан бери аябай көп чет элдик инвесторлор чыгып кетти. Керек болсо жергиликтүү ишкерлер акчалырын чет мамлекеттерге чыгарып кетип жатышат деген сөздөр бар. Экономикада ар кандай кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге мыйзамдын жогорку деңгээлдеги даярдыгы болбой, административдик түрдүү тоскоолдуктар жаралып калышы ыктымал. Мындан сырткары калк инвесторлор тууралуу туура эмес көз карашта калышы мүмкүн. Ошондуктан бул багытта ар дайым туура иш жүргүзүшүбүз керек. Кыргызстанда инвесторлорго салыкка болгон басым төмөнүрөөк. Айрым инвесторлор берген убадаларын аткарбай, элдин кыжырын келтирип коюшту. Ушундан улам кээбиринин ишканаларын өрттөп же бузуп салып жатышат. Бирок эл өрттөбөй, жөн эле убадасын аткаргыча иштетпей туруш керек”, - дейт серепчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости