www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Азыркы Конституцияга улуттук баалуулуктарды сактоого багытталган беренелерди киргизүүгө мүмкүн болду”, - деди NazarNews маалымат агенттигине “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев.
--“Жаңы конституциянын долбоорунда көп күчтү талап кылган чоң иш аткарылды. Көптөгөн сунуш-пикирлер айтылды. Чечим кызуу талаш-тартыштын негизинде кабыл алынды. Кеңешменин эң башкы жетишкендиги - элдик бийликти түзүү болду. Жаңы Конституцияда деле мындан дагы кылдат изилдеп чыгууну талап кылган учурлары бар экенинде сөз жок, бирок жалпысынан бул ирет Конституцияга улуттук баалуулуктарды жаратуу жана сактоого багытталган беренелерди киргизүүгө мүмкүн болду. Жаңы иштелип чыккан Конституцияда Элдик курултай мурдагыдан бир кыйла кеңейтилген түрдө көрсөтүлдү, бирок анын бир катар мүмкүнчүлүктөрү мурдагыдай эле эске алынган жок. “Элдик курултай – бул элдин багыты. Анын мааниси элде бийликке түз таасир этүүнүн каражаты болуш керек дегенге барып такалат”, - дейт Кошалиев.
Булак: NazarNews.kg